Бүгүн Талас шаарынын мэриясында вице-мэр Айбек Көчөрбаевдин катышуусунда жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу жана курулуш жүргүзүү фактыларынын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Талас облусу боюнча аймактык башкармалыктын жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары Назгүл Сыдыкбекова жана Талас шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Кадырбек Сарчаев катышып, маалымат беришти.
2024–2025-жылдар аралыгында облуста мыйзамсыз курулган 1724 турак жай жана тосмолор демонтаждалган. Бул иштер мыйзамды сактоо, шаардагы жана айыл жерлериндеги инфраструктураны ирээтке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу, өз алдынча тосмо коюу же курулуш жүргүзүү фактылары үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.
#талас # таласмэрия #мэрия