Жаңылыктар

Таласта облустук администрациянын имараты оңдолууда

10.10.2025  11:39     Кароолор (25)

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты капиталдык ондоодон өткөрүлүүдө. Курулушка 75 миллион сом бөлүнгөн . Долбоор боюнча 4-кабатта заманбап жыйын залдары жана Президенттин кабинети чейин жасалат. Мындан тышкары кызматкерлер ыңгайлуу жерде иштөөсү үчүн да ылайыктуу шарттар камсыздалат .

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин билдирүүсү боюнча курулуштар быйыл бүтүп, ак үй кызматкерлерге эшигин ачат.