Жаңылыктар

ТАЛАСТА «СОТ АДИЛЕТ ҮЙҮНҮН» КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

06.08.2026  10:21     Кароолор (59)

6-августта Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Талас шаарында жаңы «Сот Адилет үйүнүн» курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чарага Талас облустук, шаардык жана райондук соттордун төрагалары, Сот департаментинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, ошондой эле Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышты.

Жаңы «Сот Адилет үйү» төрт кабаттуу болуп курулуп, Талас шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсү №351 дарегиндеги 5 295,4 чарчы метр жер тилкесине жайгашат.

Долбоор сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга, сот тутумунун кызматкерлери жана жарандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Курулуш иштерин жүргүзгөн компаниянын маалыматына ылайык, объект келишимге ылайык 2027-жылдын 31-декабрында пайдаланууга берилет.