Жаңылыктар

Таласта үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

20.04.2026  16:20     Кароолор (5)

20-апрель күнү Талас шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо маселелерин талкуулаган жыйын өттү. Талас шаардык прокуратурасы тарабынан уюштурулган иш-чарага , шаар мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаарынын прокурору Жылдызбек Разбеков, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Марат Шайбеков жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Статистикалык маалыматка ылайык, 2026-жылдын алгачкы үч айында шаарда 23 зомбулук фактысы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 8 учурга көбөйгөнү белгиленди. Негизги себептер катары социалдык, экономикалык жана психологиялык факторлор, ошондой эле ичкилик аталды.

Жыйынтыгында зомбулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү жана жабыркагандарды коргоону жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.