Бүгүн, 9-майда Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду. Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, шаардык жана облустук жетекчилер, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Салтанаттуу программа «Баатырлар» паркындагы митинг-реквием менен башталды. Улуу Ата Мекендик согушта мекен үчүн курман болгон жоокерлердин элесине таазим катары куран окулуп, эстеликке гүл чамбарлар коюлду.
Андан соң «Өчпөс полк» аттуу жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө шаар тургундары, жаштар жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү активдүү катышып, согушка катышкан ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Бул элдин тарыхка болгон урматын жана муундар ортосундагы байланышты даңазалаган жүрүш болду.
Иш-чаралар Э.Кутманалиев атындагы стадиондо концерттик программа менен уланды. Театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр, патриоттук ыр-бийлер жана чыгармачыл номерлер аркылуу Жеңиш күнүнүн тарыхый мааниси кеңири чагылдырылды.