Жаңылыктар

ТАЛАСТА ЖАШ МАНАСЧЫЛАР ЖАНА ДАСТАНЧЫЛАР КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

22.11.2024  13:00     Кароолор (29)

2024-жылдын 22-ноябрында А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде жаш манасчылар жана дастанчылар арасында кароо-сынак болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулуп, ага облус башчынын орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов жана облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Аталган сынакка аймактардан тандалган жаш таланттар катышып, “Манас” эпосунан жана кыргыз дастандарынан үзүндүлөрдү аткарышты. Калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган катышуучуларга дипломдор, акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.