Бүгүн, 18-мартта Талас облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында “Жаңы муун – жаркын келечек, Таза муун – коопсуз келечек” аттуу форум болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, спортчулар, маданият өкүлдөрү жана облус боюнча 500гө жакын окуучу катышты.
Форумдун алкагында коноктор жаштар менен ийгилик тарыхтарын бөлүштү. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышуучуларга сыйлыктар жана ИИМдин медалдары тапшырылды.
Форумдун негизги максаты – жаштардын аң-сезимдүү жарандык позициясын калыптандыруу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.
Талас шаардык кеңеши мындай демилгелерди толугу менен колдойт жана жаштардын келечегине багытталган иш-чараларды мындан ары да колдоого даяр.