Жаңылыктар

ТАЛАСТА ЖАШТАРДЫ АДЕП-АХЛАККА ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

27.11.2024  16:00     Кароолор (17)

2024-жылдын 27-ноябрында Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин көрсөтмөлөрүн ишке ашыруу максатында жаштар арасында адеп-ахлактык баалуулуктарды, үй-бүлөлүк каада-салттарды туура колдоо жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, облустук казыяттын өкүлдөрү, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын мааниси тууралуу баяндалып, үй-бүлөлүк салтанаттарды тартипке келтирүүнүн зарылдыгы, мажбурлап никеге туруунун терс кесепеттери жана мыйзам алдында жоопкерчиликтери жөнүндө маалымат берилди.