Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов Талас “Жашыл Чарба” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, күнөсканалардын жана питомниктердин абалын жеринде көрдү.
Ал жазгы даярдык иштеринин жүрүшүн, сугат иштерине суу алуучу жайдын абалын жана техникалардын даярдыгын текшерип, зарыл болгон иштерди күчөтүү боюнча сунуштарын берди. Ошондой эле, ишкананын шаардын жашылдандыруу иштериндеги маанилүү ролун белгиледи.
Мындан тышкары, жаз мезгилин утурлай көчө бойлоруна, парктарга жана скверлерге таштанды урналары менен ар түрдүү формадагы топиарийлерди орнотуу иштери жүрүп жатканын, алар жакын арада жайгаштырылып, шаардын көрүнүшүн жакшыртууга салым кошорун ишкананын жетекчиси билдирди.