21-октябрда, Талас шаарында жергиликтүү коомдоштуктардын курултайына делегаттар тандалды. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты. Жыйынтыгында 61 талапкер делегаттыкка катталды.
Белгилей кетсек, былтыр жергиликтүү жыйынга 200гө жакын жергиликтүү делегаттар катышкан , алардын ичинен 3 өкүл Президент катышкан курултайга делегат болуп барган.
Курултай — жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коом менен бийликтин ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.