Бүгүн, 28-ноябрда Талас ОИИБдин демилгеси менен Талас шаарынын мэриясында "Өмүр аманат!" аталышында тегерек стол өттү.
Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, мекеме, уюмдардын жетекчилери, Талас облусунун мусулмандар казыятынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунун ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыктары боюнча маалымат берилип, быйылкы жылга карата жол кырсыктарынын азайгандыгы айтылды. Андагы маалыматтарга ылайык, катталган жол кырсыктарынын 70 пайызы айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыктан, бул багытта жетиштүү билим албагандыктан келип чыгууда. Андыктан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер жыйындын жалпы катышуучуларын жогоруда аталган көйгөйлөрдү жоюуга комплекстүү киришүүгө чакырып, тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгын айтышты. Буга улай жол кырсыктарын алдын алуу максатында Талас облусунун мусулмандар казыятынын өкүлдөрү да жума намазга чогулган элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын билдиришти.