Жаңылыктар

ТАЛАСТА ЖУГУШТУУ ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

10.01.2025  18:30     Кароолор (33)

2025-жылдын 10-январында Талас облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо, кызамык, гепатит жана кургак учук сыяктуу оорулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова,

Талас шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Орозалиева Гульмира, район акимдеринин орун басарлары,облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчилери, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2024-жылы Талас облусунда сасык тумоо жана КРВИ ооруларына каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары, учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, анын ичинде кызамык, сарык жана кургак учук ооруларынын көрсөткүчтөрү талкууланды.

Ошондой эле Кытайда балдар арасында метапневмовируска чалдыккандар көбөйүп жатканына байланыштуу аталган вирус боюнча түшүндүрмөлөр берилип, алдын алуу чаралары сунушталды. Эмдөө алуунун маанилүүлүгү баса белгиленип, вакцинация ооруларды алдын алуунун эң натыйжалуу жолу экени дагы бир жолу белгиленди.

Жыйындын соңунда жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн жергиликтүү мекемелер менен биргеликте тыгыз иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.