Жаңылыктар

Таласта жумуш орундар жана кесиптер жарманкети өттү

14.11.2025  14:34     Кароолор (11)

Талас шаарынын мэриясы, Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Талас бизнес ассоциация менен биргеликте «Келечегиң сенин колуңда» аталышындагы жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин уюштурду. Аталган жарманке Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрындаөттү. Ага шаар аймагындагы бүтүрүүчү класстын окуучулары, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар катышты.

Иш-чарада жаш, ийгиликтүү ишкерлер сөз сүйлөп, катышуучуларды шыктандырышты.

Жарманкеде иш берүүчүлөр менен түз байланышып, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.