Жаңылыктар

Таластагы жогорку окуу жай жаңы имараттуу болот

10.10.2025  11:36     Кароолор (26)

Талас шаарындагы мамлекеттик жогорку окуу жайга жаңы имарат салынууда. Долбоорго 300 млн сом каражат бөлүнгөн . Курулушту 2026-жылдын июль айында бүтүрүү пландалууда.

5 кабаттуу заманбап имарат бүт шарты менен салынат . Окуу жай Нуржанов аллеясындагы #1 орто мектебинин тушуна курулат.

Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жергиликтүү бийликтин Талас шаарын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашырылууда.