Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын республикалык туру 2025-жылдын 14-апрелинде жыйынтыкталып, бүткүл өлкөдөн келген 350дөн ашуун мыкты окуучулар билим боюнча күч сынашты. Бул маанилүү интеллектуалдык таймашта Талас шаарынын окуучулары дагы мыкты жыйынтык көрсөтүштү.
Байгелүү орундардын ээлери:
Токтогонов Улукбек Бекжанович — химия (тереңдетилген) предмети боюнча II орун, Талас облустук лицей-комплекси.
Даярдаган мугалими: Тойлубаева Махабат Мискенбаевна
Турдугулова Айжамал Азизовна — биология (базалык) предмети боюнча III орун, Р.Рысакова атындагы №2 орто мектеби.
Даярдаган мугалими: Бондаренко Елена Александровна
Бул жеңиштер Таластын билим берүү системасындагы жогорку деңгээлдеги эмгекти, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жана окуучулардын өжөр эмгегин айгинелейт. Олимпиаданын ар бир этабынан ийгиликтүү өтүп, республикалык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берип, байгелүү орундарды камсыз кылган жаштар — бул биздин эртеңки келечек, илим-билимдин шам чырактары.
Талас шаарынын мэриясы окуучуларды, алардын ата-энелерин жана билим берүүгө зор салым кошкон мугалимдерди чын жүрөктөн куттуктайт.