Футбол боюнча Талас шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн командалары КР регионалдык лигасында чоң ийгилик жаратты.
16 жаш боюнча курама командасы, башкы машыктыруучу Илебаев Мирландын, ал эми 14 жаш боюнча курама командасы, башкы машыктыруучу Акманалиев Урматтын жетекчилиги алдында оюн көрсөтүп, өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта 1-орунду камсыздашты.
Облустун намысын коргогон жаш спортчуларды КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана Талас облусунун футбол ассоциациясынын вице-президенти, Талас шаардык Кеңешинин бюджет комиссиясынын төрагасы Айбек Сүйүнтбеков куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.
Сыйлоо аземинде жетекчилер футболдогу бул жеңиш Таластагы спорттун өнүгүшүнө жана жаштардын шыктануусуна чоң салым кошоорун белгилеп, машыктыруучуларга жана жаш футболчуларга ийгилик каалашты. #таласмэрия