6-ноябрда Талас облусунун К. Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү” аттуу облустук илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чаранын ачылышында Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахроманович куттуктоо сөз сүйлөп, иш-чаранын маанисин белгилеп өттү. Өз сөзүндө мэр ата-бабаларыбыздын тарыхый эрдигин эскерип, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү тууралуу баса белгиледи. Ал бул иш-чара келечек муун үчүн чоң сабак болуп, улуттук аң-сезимди чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.
Куттуктоолордон кийин пленардык отурумда бир катар илимий баяндамалар окулуп, кыргыз мамлекетинин тарыхы, улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптануусу боюнча терең талкуулар жүргүзүлдү. Баяндамачылар саясий, социалдык жана маданий өнүгүүгө байланышкан маанилүү темаларды көтөрүшүп, тарыхый анализдерди сунушташты.
Конференциянын жүрүшүндө окумуштууларга жана адистерге тастыктамалар тапшырылды. Иш-чаранын соңунда катышуучулардын сунуштары жана пикирлеринин негизинде резолюция кабыл алынды.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Талас мамлекеттик университетинин Тарых жана коомдук илимдер кафедрасы жана А. Токтогулов атындагы облустук китепкана тарабынан уюштурулган.