Ар ишемби күнү Талас шаарында таза жана жашыл чөйрөнү камсыздоо, шаарды ирээтке келтирүү максатында массалык ишембилик уюштурулуп келет. Бул иреттеги иш-чара дагы шаардык мэриянын демилгеси менен өтүп, калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана шаардын көркүн арттырууга багытталды.
Ишембиликке шаардагы мамлекеттик жана жеке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү жана маданият мекемелеринин жамааттары, жаштар уюмдары жана жергиликтүү тургундар жигердүү катышты. Биргелешкен аракеттердин негизинде шаар көчөлөрү, тротуарлар жана эс алуу жайлары тазаланып, тартипке келтирилди.
Кечээ, 24-майда өткөрүлгөн ишембиликтин жыйынтыгында жалпысынан 10 тоннага жакын таштанды чыгарылды.
Эске салсак, мындай ишембиликтер Талас шаарында 3 ай аралыгында ар ишемби сайын үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Шаардык мэрия бардык тургундарды бул демилгеге кошулууга чакырат. Таза жана кооз жашоо чөйрөсүн түзүү — ар бирибиздин милдетибиз.