Жаңылыктар

Тазалыкка багытталган жалпы ишембилик

19.04.2026  12:13     Кароолор (4)

Бүгүн, Талас шаарынын мэриясы тарабынан айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана тазалыкты камсыздоо максатында бүгүн 18-апрелде масштабдуу жалпы ишембилик уюштурулду.

Ишембиликтин жүрүшүндө шаардын көчөлөрү, сейил бактары жана коомдук жайлары кылдат тазаланып, бак-дарактар акталып, арык-каналдар ирээтке келтирилди. Ар бир катышуучу өз салымын кошуп, шаарды көрктөндүрүүгө болгон жоопкерчилигин дагы бир ирет далилдей алды.

Мындан тышкары, “Жашыл мурас” программасынын алкагында шаар аймагына жаңы көчөттөр отургузулуп, Талас шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга чоң салым кошулду.