Жаңылыктар

Тротуар куруу иштери шаар мэринин жеке көзөмөлүндө.

07.04.2025  12:58     Кароолор (13)

Калаа башчы Байышбек Астанакулов, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте, шаар ичиндеги тротуар куруу иштерин жеке көзөмөлүнө алды.

Шаар мэри иш жүрүп жаткан тилкелердеги жумушчулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле, курулуш иштеринде жаралып жаткан тоскоолдуктар жана көйгөйлөр менен да таанышып, тиешелүү жетекчилерге ыкчам чара көрүү тапшырмаларын берди.