Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев шаардагы жол курулуш иштерине мониторинг жүргүзүп, тротуар салуу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Талас шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражаттын бир бөлүгү шаар ичиндеги жолдорду жана тротуарларды курууга багытталган.
Жобого ылайык, шаар аймагындагы 14 көчөгө жалпы узундугу 54 чакырымды түзгөн тротуар салынууда. Курулуш иштерин 8 подрядчы компания аткарып жатат. Жумуштарды ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Мониторингдин жүрүшүндө мэрдин орун басары тротуарларды курууда жаралган айрым кемчиликтерди жеринде карап чыгып, подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө тиешелүү эскертүүлөрдү берди. Ал тротуарлардын сапатын камсыздоо менен бирге курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү талабын койду.
Мындан тышкары, курулуш иштерин көзөмөлдөгөн тиешелүү муниципалдык мекемелердин жетекчилерине да так милдеттер жүктөлдү.