Жаңылыктар

ТЫНЧТЫК КОНУШУНДАГЫ ОКУУ БОРБОРДУН КУРУЛУШУ АЯКТОО АЛДЫНДА ТУРАТ

28.08.2024  16:34     Кароолор (30)

28-августта Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов Кувейт мамлекетинин “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тынчтык жаңы конушуна курулуп жаткан окуу борборуна барды. Анда курулуштун жүрүшү менен таанышып, куруучуларды сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө чакырды.

Аталган комплекске 108 м/2 түзгөн окуу борбору менен катар 214м/2 түзгөн бала бакча, ошондой эле жергиликтүү тургундарды медициналык жактан тейлеген 85 м/2 ФАП (Фельдшердик-акушердик пункт) жана 18м/2 дүкөн салынууда. Бүгүнкү күнгө карата аталган борбордун курулушу аяктоо алдында турат. Алдынкы күндөрдө таманташ төшөө, айланасын тосуу жана жылытуу системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.

Эске салсак, аталган окуу борборунун курулушуна 2022-жылдын 16-декабрында капсула салынган.