Кыргыз Республикасынын «Аялдар комитети» коомдук бирикмеси үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга кабылган жарандарга жардам көрсөтүү максатында 5200 күнү-түнү иштеген ишеним телефонунун ишке киргенин маалымдайт.
5200 номерине чалуу аркылуу ар бир жаран акысыз, анонимдүү жана купуя негизде жардам ала алат. Ишеним телефонунда зомбулук жана кризистик кырдаалдар боюнча атайын даярдыктан өткөн кесипкөй психологдор жана консультанттар иш алып барышат.
Ар бир чалуу маанилүү. Эгерде сиз зомбулукка туш болсоңуз же мындай учурларга күбө болсоңуз — 5200 номерине чалыңыз. Сизге жардам көрсөтүлөт, угулат жана туура чечимдер сунушталат.