Жаңылыктар

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

30.06.2026  11:14     Кароолор (51)

30-июнда Талас шаардык прокуратурасынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, шаардын прокурору Жылдызбек Разыбеков, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, 2026-жылдын алгачкы 5 айында Талас шаарында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 40 факты катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 15 учурга көбөйгөн.

Жыйында зомбулуктун өсүшүнө себеп болгон факторлор талкууланып, анын алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо жана мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.