Шаар аймагында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу максатында мэриянын демилгеси менен атайын комиссия түзүлүп, бүгүн 13-январда үй шартында көмүр саткан жарандарга көзөмөл иштери жүргүзүлдү.
Комиссия курамы тийиштүү тараптарга шаар аймагындагы жеке менчик жер участокторунда көмүр сатуу калктын ден соолугуна жана экологияга зыянын тийгизерин айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Натыйжада эреже бузууларды жоюу үчүн жарандарга 7 күндүк мөөнөт берилди.
Белгилей кетсек, көмүр соодасын уюштуруу максатында, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Бердике баатыр жана А. Алдашүкүров көчөлөрүнүн кесилишинде атайын жер аянты бөлүнүп берилген.