Жаңылыктар

Үй жаныбарлары боюнча жарандардын кайрылуусу көзөмөлгө алынды

10.06.2025  14:00     Кароолор (13)

Талас шаарынын Мырзалиев көчөсүндөгү 59-кварталдын жашоочулары тарабынан шаар мэрине расмий кайрылуулар келип түшкөн. Тургундардын билдирүүсүнө ылайык, кварталдагы бир жаран 30дан ашуун ит жана мышыктарды багып, айлана-чөйрөгө санитардык, гигиеналык жактан олуттуу түйшүк жараткан. Анын үстүнө жагымсыз жыт жана түнкү убакта тынчтык бербеген ызы-чуу жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын туудурган.

Бул маселени шаар мэри Байышбек Астанакулов жеке көзөмөлүнө алып ,окуя болгон жерге барып, кырдаалды көрүп чыкты.

Калаа башчысы жарандардын нааразычылыгын эске алуу менен тиешелүү кызматтарга ыкчам чара көрүү тапшырмасын берди.