22-февралда А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик залында Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө карата “Улут уңгусу – Эне тил” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Иш-чара Талас шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын 2021-2026-жылдардагы Кыргыз жараны концепциясынын негизинде уюштурулуп, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого жана тилдердин өнүгүүсүнө багытталды.
Кароо-сынакка ар кандай улуттун диаспоралары катышып, төмөнкү тапшырмалар боюнча ат салышты:
• Улуттук символика жана кол өнөрчүлүктү чагылдырган көргөзмө
• Өз эне тилинде саламдашуу
• Мамлекеттик символиканы, маданиятты, адабиятты жана жаратылыш баалуулуктарын камтыган видео-презентация
• Улуттук тилде аткарылган көркөм окуу же ыр
• Улуттук бий
Кароо-сынакка славян, казак, өзбек, немец, татар, башкыр жана түрк диаспоралары активдүү катышып, өз маданиятын, тилин жана өнөрүн көрсөтүштү. Калыстар тобу катышуучулардын чыгармаларын 5 баллдык система менен баалап, жеңүүчүлөр аныкталды.
Иш-чаранын соңунда жыйынтык чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Кароо-сынак улуттар аралык достукту бекемдөөгө жана ар түрдүү маданияттарды таанытууга чоң салым кошту.