Жаңылыктар

УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН АСКЕРДИК - ДЕНЕ ТАРБИЯЛЫК ЭСТАФЕТА ӨТКӨРҮЛДҮ

05.05.2025  18:00     Кароолор (9)

5-майда Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата орто мектептердин жана орто-кесиптик билим берүү жайларынын арасында аскердик-дене тарбиялык эстафета өттү. Бул иш-чара Талас шаардык мэриясынын, билим берүү мекемелеринин жана “Кызыл Ай” коомунун колдоосу менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунду аскердик-патриоттук духта тарбиялоо, Улуу Жеңиш күнүнүн тарыхый маанисин эскерүү жана даңазалоо болуп эсептелет. Эстафета беш негизги этаптан туруп, катышуучулар ар түрдүү багыттарда күч сынашты:

- Катарда жүрүү жана командалык даярдык;

- Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрү;

- Аскердик даярдык (автомат чачуу жана кайра жыйноо);

- Спорттук таймаштар (кросс чуркоо, топ ыргытуу, тартынуу);

- Көркөм чыгармачылык программа (ыр, бий, декламация).

Бардык тапшырмалар 5 баллдык система менен бааланып, жыйынтыгында төмөнкү мектептер мыкты көрсөткүчтөргө жетишти:

Мектептер арасында:

1-орун – №2 орто мектеп (260 балл)

2-орун – №7 орто мектеп (259 балл)

3-орун – №3 орто мектеп (248 балл)

4-орун – №1 орто мектеп (212 балл)

5-орун – №4 орто мектеп (186 балл)

Орто-кесиптик окуу жайлар арасында:

1-орунду Талас агрардык-экономикалык колледжи ээледи.

Мындан тышкары, өзүнчө өткөрүлгөн көркөм чыгармачылык кароо-сынагы да катышуучулардын патриоттук сезимин, чыгармачылыгын жана талантын даңазалап берди. Анда ар бир команда өз ыктыяры менен аскердик-патриоттук ырларды, бийлерди жана поэтикалык чыгармаларды тартуулашты.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылып, иш-чара шаңдуу маанайда жыйынтыкталды.