Жаңылыктар

ҮМӨТ МОЛДО КӨЧӨСҮНДӨ ТРОТУАР КУРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

02.05.2025  16:47     Кароолор (5)

Бүгүн, 2-майда калаа башчысы Байышбек Астанакулов Үмөт молдо көчөсүндөгү тротуар куруу иштеринин жүрүшүнөн кабар алып, сапатын текшерди. Шаар тургундарынын коопсуздугун жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп жаткан бул иштер мэриянын негизги инфраструктуралык долбоорлорунун бири болуп саналат.

Учурда Талас шаарынын аймагында жалпысынан 9 көчөдө тротуар куруу иштери жүрүп жатат.