Жаңылыктар

Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Кадырлуу мугалимдер, ата-энелер жана мекендештер!

25.05.2025  10:30     Кароолор (12)

Сиздерди 25-май – Акыркы коңгуроо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн ар бир бүтүрүүчү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Акыркы коңгуроо – балалык менен коштошуп, чоң жашоого карай болгон алгачкы олуттуу кадам. Мектеп босогосунан уялай басып чыккан ар бир бүтүрүүчүнүн көз алдында үмүт, жүрөгүндө толкундануу, кыялында жаркын келечек турат.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр,

Сиздер жашоодогу жоопкерчиликтүү, бирок сыймыктуу жолго кадам таштап жатасыздар. Алдыңарда турган ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга, элибизге жана мамлекетибизге татыктуу инсандар болууга чакырам. Билимди туу тутуп, тарбияны бекем кармап, жаратмандык менен иш алып барсаңыздар, сөзсүз ийгиликке жетесиздер.

Сиздерге ачык асман, кең келечек, ак жол жана чоң ийгиликтерди каалайм. Ар дайым мамлекеттин жүгүн көтөрө алган, эл ишенимин актаган, жоопкерчиликтүү жарандардан болуңуздар!

Акыркы коңгуроо күнүңөр кут болсун!

Урматтоо менен,

Астанакулов Байышбек Кахроманович

Талас шаарынын мэри