Жаңылыктар

Урматтуу энелер жана жалпы асыл зат айымдар!

17.05.2026  17:00     Кароолор (6)

Сиздерди Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Эне — үй-бүлөнүн куту, жашоонун жарыгы, мээримдин жана чыдамкайлыктын символу. Ар бирибиздин жетишкендигибиздин артында эненин ак сүтү, ак тилеги жана түгөнгүс мээрими турат.

Сиздер балдарыңыздарга тарбия берип гана тим болбостон, коомдун өнүгүшүнө, шаарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө да чоң салым кошуп келесиздер.

Кадырлуу апалар жана энелер!

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана береке каалайм. Ар дайым бала-чакаңыздардын урмат-сыйына бөлөнүп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин!

Сиздердин энелик мээримиңиздер ар бир үйгө, ар бирибизге жылуулук тартуулай берсин.

Урматтоо менен,

Талас шаарынын мэри

Нургазы Асылбеков