Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул чоң жоопкерчиликти, ак ниет эмгекти жана элге кызмат кылууну талап кылган ардактуу кесип. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана коомдук туруктуулукту камсыз кылууга кошкон салымыңыздар абдан баалуу.
Бүгүнкү күндө сиздер Талас шаарынын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүдө жана шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүдө талыкпай эмгектенип келесиздер. Шаарыбыздын өсүп-өнүгүшү, көрктөнүшү жана заманбап шаарга айланышы сиздердин эмгегиңиздер менен тыгыз байланыштуу.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Элибиздин жана сүйүктүү Талас шаарыбыздын өнүгүшү үчүн жасап жаткан эмгегиңиздер ар дайым үзүрлүү болсун!
Урматтоо менен,
Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков