Жаңылыктар

Урматтуу мекендештер!

23.02.2025  09:00     Кароолор (12)

Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күн эр жүрөк, мекенчил, намыстуу азаматтарыбыздын майрамы. Мекенди коргоо – бул куралчан кызмат өтөгөн жоокерлердин гана эмес, өлкөнүн ар бир атуулунун ыйык парзы. Биздин ата-бабаларыбыз Ата Журттун бүтүндүгүн, эгемендигин, эли-жерин сактоо үчүн жанын аябастан күрөшүп келишкен. Алардын эрдиги, тайманбастыгы биз үчүн түбөлүктүү өрнөк. Ыйык мекенди коргоо, өнүктүрүү, анын кадыр-баркын көтөрүү – ар бирибиздин улуу жоопкерчилигибиз.

Урматтуу мекенди коргоочулар, аскер ардагерлери!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм! Ар дайым Ата Журтубуз аман, элибиз ынтымактуу, келечегибиз жарык болсун!

Урматтоо менен,

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов.