Жаңылыктар

Урматтуу мекендештер!

09.05.2025  09:30     Кароолор (15)

Бүгүн — Улуу Ата Мекендик согуштагы тарыхый Жеңишке 80 жыл толгон улуу дата. Бул күнү биз совет элинин, анын ичинде кыргыз элинин теңдешсиз эрдигин жана мекенге болгон чексиз берилгендигин терең урматтоо менен эскеребиз.

Улуу Жеңиш — бул баатырдык менен берилген жашоонун, мекен үчүн курман болгон жүз миңдеген жоокерлердин ыйык мурасы. Кыргызстандан он миңдеген уул-кыздар майданга аттанып, алардын көпчүлүгү мекенге кайтып келе алышкан жок. Таластан да миңдеген жоокерлер согушка аттанып, алардын көбү курман болуп, айрымдары гана Жеңиш менен кайтышкан.

Тилекке каршы, бүгүн Талас шаарында согуштун тирүү катышуучулары калган жок. Бирок алардын эрдиги, ыйык парзы, тарыхтагы улуу салымы биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт. Биздин ыйык милдет — бул эрдикти урматтоо, унутпоо жана жаш муундарга туура үлгү кылып жеткирүү.

Кадырлуу мекендештер!

Сиздерди Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм. Ар дайым эл ичинде тынчтык, үй-бүлөңүздөрдө бакубат жашоо болсун. Эркиндик менен бейпилдиктин баркы ар дайым бийик болсун!

Урматтоо менен, Талас шаарынын мэри

Байышбек Астанакулов