Жаңылыктар

Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагынын ардактуу кызматкерлери!

05.10.2026  15:19     Кароолор (27)

Урматтуу мугалимдер, билим берүү тармагынын ардактуу кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Мугалим — коомдун келечегин түптөгөн, жаш муунга билим жана тарбия берип, алардын турмуш жолуна багыт көрсөткөн ардактуу кесиптин ээси. Ар бир баланын ийгилигинин артында мугалимдин талыкпаган эмгеги, сабыры жана мээрими турат.

Сиздердин күн сайын аткарып жаткан жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө, билимдүү, тарбиялуу жана мекенчил муундун калыптанышына чоң салым кошууда.

Талас шаарындагы бардык агартуучуларга ак ниет эмгеги, жаш муунга берген билими жана тарбиясы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик жана эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүнү каалайбыз.

Ар бир берген билимиңиз — келечекке салынган инвестиция!
Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен,
Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков