Жаңылыктар

Урматтуу мугалимдер, кадырлуу ата-энелер жана кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

29.05.2026  09:00     Кароолор (5)

Талас шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди бүгүнкү өзгөчө мааниге ээ болгон салтанаттуу акыркы коңгуроо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бүгүн ордолуу Талас шаарыбыздын мектептеринде миңдеген жаш уул-кыздарыбыз алтын уя мектеби менен коштошуп, чоң турмуш жолуна кадам таштап жатышат. Мектеп босогосунда өткөн он бир жыл аралыгында алган билимиңер, тарбияңар жана топтогон тажрыйбаңар келечектеги ийгиликтериңердин бекем пайдубалы болуп кызмат кылаарына ишенем.

Силер өлкөбүздүн келечеги, элибиздин үмүтү жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошо турган жаш муунсуңар. Алдыңарга бийик максаттарды коюп, заман талабына ылайык билим алып, тандаган кесибиңердин мыкты адиси болушуңарды каалайм.

Кайсы гана окуу жайда билим албагыла, кайсы гана кесипти аркалабагыла, ар дайым мекенчил болуп, Талас шаарыбыздын жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө өз салымыңарды кошот деп ишенем.

Ошондой эле балдарынын келечеги үчүн талыкпай эмгектенип, ар дайым колдоо көрсөтүп келген ата-энелерге жана мугалимдерге да ыраазычылык билдирем. Мээнетиңиздердин үзүрүн көрүп, сыймыгыңыздар арта берсин!

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, алдыдагы жолуңар байсалдуу, келечегиңер кең, максаттарыңар бийик болсун! Ар дайым ийгилик коштоп жолуңар ачык болсун!

Урматтоо менен,

Нургазы Асылбеков

Талас шаарынын мэри