Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ардактуу агай-эжейлер!
Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер, мээнетиңиздер жана кесипке болгон берилгендигиңиздер менен жаш муун билим алып, келечекке багыт алууда. Сиздер окуучуларга билим гана бербестен, аларды адамгерчиликке, эмгекчилдикке тарбиялап, ар биринин жөндөмүн ачууга чоң салым кошуп келесиздер. Ар бир ийгиликтүү окуучунун артында аны колдоп, туура жол көрсөткөн мугалимдин эмгеги бар. Сиздерге бекем ден соолук, түгөнбөгөн чыгармачылык жана ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.
Кымбаттуу окуучулар, билим адамдын келечегине жол ачкан эң чоң байлык. Андыктан ар бир күнүңөрдү изденүү, аракет жана жакшы максаттар менен өткөргүлө. Мугалимдериңердин эмгегин баалап, ата-энеңердин үмүтүн актап, өзүңөр тандаган кесиптин мыкты адиси болууга умтулгула.
Сиздер Талас шаарынын жана жалпы өлкөбүздүн келечегисиңер. Сиздердин ар бир ийгилигиңер шаарыбыздын сыймыгы. Ар дайым билимге умтулган, мекенчил, эмгекчил жана жоопкерчиликтүү жаштардан болгула!
Жаңы окуу жылында силерге бекем ден соолук, көтөрүңкү маанай жана ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен,
Талас шаарынын мэри
Нуразы Асылбеков