Сиздерди 8-декабрь — Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен жеке өзүмдүн жана Талас шаарынын мэриясынын атынан чын дилимден куттуктайм!
Ар убак Талас шаарынын мэриясы менен тыгыз иш алып барып социалдык жана маданий турмуштагы окуяларды жалпы коомчулукка ишбилгичтик менен жеткирип, маалыматка болгон муктаждыкты камсыздап келе жатасыздар. Чагылдырылган ар бир маалыматтын артында опол тоодой эмгегиңиздер бар.
Талас шаарынын өнүгүүсүнө кошкон
салымыңыздарга терең ыраазычылык
билдирүү менен сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык каалайм! Ишиңиздерди ар дайым жогорку чыгармачыл дарамет, албан ийгиликтер
коштосун.
Сиздерди терең урматтоо менен Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов.