Жаңылыктар

Урматтуу Талас шаарынын тургундары! Кадырлуу мусулман бир туугандар!

19.02.2026  13:43     Кароолор (6)

Урматтуу Талас шаарынын тургундары! Кадырлуу мусулман бир туугандар!
                                                                                                            Сиздерди касиеттүү Ыйык Рамазан айынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо бул сабырдын гана сыноосу эмес, бул жүрөктөрдү тазарткан, ыйманды бекемдеген, мээрим менен кайрымдуулукту даңазалаган ыйык ай.                                  

Бул айда жасалган ар бир сооп иш, айтылган ар бир ак тилек, берилген ар бир жардам  эбегейсиз соопко айланат.

Келиңиздер ушул айда бири-бирибизге кол сунуп, муктаждарга жардам берип, ынтымак менен биримдикти бекемдейли. Ар бир үйгө тынчтык, ар бир үй-бүлөгө береке, ар бир жүрөккө нур толсун!

Урматтуу аталар , апалар , ага-инилер жана карындаштар баарыңыздардын кармаган орозоңуздар кабыл болуп, кылган дуба-тилектериңиздер орундалсын!  Жараткан элибизге аманчылык, жергебизге тынчтык, шаарыбызга өсүп-өнүгүү насип кылсын!

Сиздерди терең урматтоо менен Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков