Сиздерди 5-Май — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!
Конституция — эгемендүү мамлекетибиздин негизги тиреги, мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн жана биримдиктин символу. Ар бир жарандын укугун коргоп, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө багыт берген башкы мыйзамыбыз болуп саналат.
Бул маанилүү күндө баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ынтымак жана өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымыңыздарга ийгилик каалайм.
Кыргызстаныбыз тынч, элибиз биримдүү болсун!
Сиздерди урматтоо менен Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков