*Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жергиликтүү активдүү жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну жарыялайт.*
Белгилей кетсек, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- 18 жашка чыга элек жаран.
Жогорудагы чектөөлөрү жок жарандар 2025-жылдын 25-мартына чейин Талас шаардык кеңешке документтерин тапшырса болот.
*Келечекте Мекенибизде боло турган шайлоолорду таза жана адилеттүү өтүшүнө салым кошууңуздарды суранабыз!*
Суроолор боюнча телефондор: 0700 66 08 74, 0706 13 65 51