Кадырлуу мекендештер!
Сиздерди улустун улуу майрамы – Нооруз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул майрам – миңдеген жылдардан бери элибиз менен кошо жашап, жаңы күндүн, жаңы үмүттөрдүн, жакшылыктын жарчысы болуп келген ыйык күндөрдүн бири.
Нооруз – байыркы көчмөн бабаларыбыздан мурас болуп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген жаңылануунун, биримдиктин жана ынтымактын символу. Ушул күндөн баштап жаратылыш жаңырып, жер ойгонуп, жаңы өмүр башталат. Элибиз илгертеден бери Ноорузду чоң майрам катары белгилеп, бири-бирин кечирип, алакаларын бекемдеп, жакшылыктын жана молчулуктун башаты катары баалап келишкен.
Нооруз ар бир үйгө ырыс-кешик, бакубат жашоо алып келсин! Ынтымагыбыз бекем, биримдигибиз күчтүү болсун! Ар бириңиздерге ден соолук, бакыт, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайм!
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов.