Жаңылыктар

Урматтуу Талас шаарынын тургундары!

13.07.2026  16:10     Кароолор (20)

🏡 «ҮЛГҮЛҮҮ КӨЧӨ» ЖАНА «ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ» СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ!

📅 Сынак 1-июлдан 20-августка чейин өтөт.

Ар бир таза көчө, ар бир көрктүү короо – бул биздин Таластын көркү.

Эгер көчөңүздү таза кармап, гүлдөрдү отургузуп, бак-дарактарды өстүрүп, үйүңүздүн айланасын иретке келтирип жүрсөңүз – анда бул сынак дал сиз үчүн!

Катышуу үчүн:
🌿 Көчөңүздү жана корооңузду көрктөндүрүңүз;
🌳 Жашылдандыруу иштерине активдүү катышыңыз;
🤝 Кошуналарыңыз менен биргеликте үлгүлүү көчөнү түзүңүз.

🏆 Сынактын жыйынтыгында атайын комиссия эң үлгүлүү көчөлөрдү жана үйлөрдү аныктап, жеңүүчүлөрдү Талас шаардык мэриясынын Ардак грамоталары, баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары менен сыйлайт.

📢 Таза жана көрктүү Талас – ар бирибизден башталат!

Өзүңүздүн көчөңүздү өзгөртүңүз, кошуналарыңызды шыктандырыңыз жана 1-июлдан 20-августка чейин өтүүчү сынакка сөзсүз катышыңыз!

🌸 Таза көчө – шаардын жүзү!
🌿 Көрктүү короо – үй ээсинин маданияты!