Жаңылыктар

Урматтуу жарандар!

28.09.2026  11:02     Кароолор (30)

Талас шаарынын мэриясынын ишине баа берип, өз пикириңиздерди «Түндүк» платформасы аркылуу калтырсаңыздар болот.

Бул үчүн плакаттагы QR-кодду телефонуңуз менен сканерлеп, кызмат көрсөтүүнүн сапатына баа берип, сунуш-пикириңизди жазыңыз.

Эмне үчүн «Түндүк» аркылуу ыңгайлуу?
— тез жана оңой;
— бир нече мүнөттү гана талап кылат;
— каалаган жерден телефон аркылуу колдонууга болот;
— сиздин пикириңиз кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Сиздин пикириңиз биз үчүн маанилүү!