Талас шаарынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде шаар мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев шаардагы саркынды суулар төгүлүүчү жайлардын абалы менен жеринен таанышып чыкты.
Тагыраагы, калаанын батыш тарабында жайгашкан “био көлмөдө” жүргүзүлгөн текшерүү учурунда вице-мэр аймактагы экологиялык абалды жана санитардык шарттарды өз көзү менен көрүп, жеринде тийиштүү адистерден маалымат алды.
Буга чейин аталган аймактын жашоочулары “био көлмөдөн” чыккан жагымсыз жыт тууралуу социалдык тармактар аркылуу нааразычылык билдиришкен. Тургундардын кайрылуусун эске алуу менен шаар бийлиги маселени өзгөчө көзөмөлгө алды.
Маалым болгондой, учурда пайдаланылып жаткан саркынды суу топтоочу жай заманбап талаптарга жооп бербегендиктен, шаар четине жаңы, заманбап саркынды суу тазалоочу жай куруу пландалууда. Бул багытта тиешелүү долбоорлоо иштери башталган жана адистер менен биргеликте иш жүрүп жатат.
Вице-мэр Айбек Көчөрбаев аталган маселени чечүү приоритеттүү багыттардын бири экенин белгилеп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шартын түзүү максатында бардык аракеттер көрүлө турганын билдирди.