Япон өкмөтүнүн «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында Талас шаарындагы №1 жана №4 орто мектептердин шарттары жакшырды. Аталган билим уялар такталар (доска) менен камсыздалды. Ошондой эле санитардык нормаларга жооп берген дааратканалар курулду.
Долбоордогу жумуштардын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки мырза жеринде таанышты. Элчи менен Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов жолугуп, аткарылган иштерди биргеликте көрүп чыгышты.
Жалпы гранттын суммасы 48 988 АКШ долларын түздү. Аталган долбоор облус борборундагы эки мектептин тазалык жана билим берүү шарттарын жаңы деңгээлге көтөрүүгө себепчи болду.