Жаңылыктар

Ысык-Көл драма театры “Манастын уулу Семетей” спектаклин тартуулады

04.11.2025  12:05     Кароолор (27)

Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын эмгек жамааты Талас шаарына келип, кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” чыгармасынын негизиндеги спектаклин көрсөттү. Улуу Манас дүйнөсүн чагылдырган сахна чыгармасы Таластык көрөрмандарга терең таасир калтырды.

Ошондой эле 3-4-ноябрь күндөрү жаш көрүүчүлөр үчүн Мар Байжиевдин “Табышкым келет” спектакли көрсөтүлүп, аншлаг менен өттү.