Жаңылыктар

ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗ!

15.07.2026  16:11     Кароолор (23)

Учурда аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу  айрым тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталууда.
Урматтуу Талас облусунун тургундары жана коноктору!
Жайкы эс алуу учурунда төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону суранабыз:
✅ Сайларда, кокту-колоттордо жана дарыялардын жээктеринде узак убакытка токтобоңуздар;
✅ Жаан-чачын учурунда тоого чыгуу жана кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар;
✅ Балдарды суунун жээгинде кароосуз калтырбаңыздар;
✅ Аба ырайынын өзгөрүшүнө көңүл буруп, расмий эскертүүлөрдү аткарыңыздар;
✅ Өзгөчө кырдаал жаралса, дароо 112 кызматына кайрылыңыздар.
Табият койнунда эс алууда сак болуп, өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн коргоңуздар!