Жаңылыктар

Жайкы сууга түшүү мезгилинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

12.07.2026  16:17     Кароолор (43)

Талас шаарында жайкы сууга түшүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин катышуусунда бир катар алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Талас шаарынын мэринин тиешелүү буйругу менен бекитилди.

Аталган иш-чаралардын алкагында шаар аймагындагы дарыяларда, каналдарда, көлмөлөрдө жана башка суу объекттеринде профилактикалык рейддер уюштурулуп, жарандардын коопсуздук эрежелерин сактоосу көзөмөлдөнөт. Ошондой эле кооптуу аймактарга эскертүүчү белгилер жана маалыматтык баннерлер орнотулуп, түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Мындан тышкары, билим берүү мекемелери аркылуу ата-энелерге жашы жете элек балдарды чоңдордун коштоосуз суу жээктерине жибербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо кызматтары мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө даярдык көрөт.

Талас шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун суу жээктеринде коопсуздук эрежелерин так сактоого, тыюу салынган жайларда сууга түшпөөгө жана балдарды көзөмөлсүз калтырбоого чакырат. Ар бир жарандын жоопкерчиликтүү мамилеси адам өмүрүн сактоонун негизги кепилдиги болуп саналат.