Талас шаарындагы А. Огонбаев атындагы музыкалык мектепте уз чебер Жазмира Давлеталиеванын чыгармачылык көргөзмөсү болуп өттү.
Көргөзмөдө Жазмира Давлеталиеванын кол эмгектери элдин назарына коюлду.
Иш-чара Талас шаардык көркөм сүрөт музейи, КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты жана “Талас айымдары” коомдук уюму тарабынан биргеликте уюштурулду.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө Жазмира Давлеталиевага жана анын шакирттерине ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, Талас шаардык мэриясынын жана Талас райондук-шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чарага кол жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, уз айымдар, өнөрчүнүн кесиптештери жана шакирттери катышты